Баткен облус аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ЖРТ болгон мектептерде 21-22-июнь күндөрү биринчи этап, ал эми 24-25-июнь күндөрү өткөрүлгөн экинчи этабында мектеп окуучуларынын коопсуздугун көзөмөлдөп, тартипти камсыздап турушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облус аймагында жалпысынан 8 мектепте ЖРТ өткөрүлүп, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоо, тартип бузуулардын алдын алуу багытында иш-чараларды алып барышты.
Алыскы мектептен келген мектеп окуучуларын коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери ЖРТ өткөн мектептерге атайын коштоп келишти. Баткен облус аймагында жалпысынан 4326 бүтүрүүчү ЖРТ тапшырышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ