Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө изоляторунан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымы боюнча, кечээ, 26-июнда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Каныбек Осмоналиевдин баш коргоо чарасын анын ден-соолугуна байланыштуу өзгөртүү тууралуу арызын карап, судьялар аны үй камагына алуу менен камактан бошотушкан.
“Экс-депутат, мурдагы билим берүү министри, физика-математика илимдеринин доктору, мекенчил агабыз Каныбек Осмоналиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Азыр врачтардын көзөмөлүндө үй карантининде. Агайга тез арада айыгып катарыбызга кошулушун алла таала насип кылсын” – деп жазган Шарабидин Токтосунов.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2-мартта Ала-Тоо аянтында парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жана мурдагы судья Анар Дубанаев кармалган. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ