Menu

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын жаш жоокерлери ант беришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-июнь күнү, Кара-Көл шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички коопсуздук аскер кызматынын 718-аскер бөлүгүндө жаш жоокерлерди Аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жаш жоокерлер июнь айынын башында аскер кызматына чакырылып, бир ай ичи окуу курсун өтүшүп, аскердик кесиптин алгачкы билимдерин алышты. Окуу жыйын учурунда биздин жаш жоокерлерибиз мамлекеттик укуктук, саптык, ок атуу, атайын тактикалык жана башка күжүрмөн даярдыгынан сабактарын окушуп, Аскердик Ант алууга даярдык көрүп жатышты.

Мамлекетибиздеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, Ички коопсуздук аскер кызматында алгачкы жолу жаш жоокерлерди Аскердик антка келтирүү аземине ата энелери жана жакын туугандары катышкан жок. Жаш жоокерлерди Ант берүү аземи бөлүктүн командачылыгынын жана куралдаштарынын катышуусунда өткөрүлдү.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: