Menu

Эгерде жарандын дене табы 38 градустан ашса, пневмониянын белгилери болсо, анда ооруканага жаткырылат

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлиги иш-аракет алгоритмдерин өзгөрттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Нурболот Үсөнбаев жарандар тене табы көтөрүлүп, курч респиратордук вирустук инфекциялардын биринчи белгилеринде ҮМБ, ҮДТга кайрылып, кеңеш алып, дарыланууну башташы керектигин белгиледи.

“Жарандар дарыгерлерге кайрылып, телефон аркылуу кеңеш алышы керек. Алар белгилеген дарылоону дароо баштоо керек.  Эгерде жарандын дене табы 38 Стан ашта, пневмониянын белгилери болсо, анда ал ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымы боюнча, ПЧР-тесттер ооруканалардан алынат.

Учурда пневмония белгилери бар бейтаптар үчүн койколорду жайгаштыруу чаралары көрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: