Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 1-июлда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 м/с чейин күчөйт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +37… +32,
Таласта түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +26…+31,
Баткенде түнкүсүн: +16… +21, күндүз: +29…+33,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +16…+21, күндүз: +29…+33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +17…+22,
Нарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +18… +23,
Бишкекте түнкүсүн +14…+16, күндүз: +30…+32.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ