Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда “Ауди” үлгүсүндөгү жеңил автоунаага сүзүлгөн экинчи велосипедчен да каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, жабырлануучу өтө оор жаракаттарды алып, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан жок.
Дарыгерлердин чыгарган бүтүмүнө ылайык, айдоочу мас абалында болгон. Ал киши Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.
Белгилей кетсек, кырсык бүгүн, 30-июнда болжол менен саат 10:00дө болгон. Анын кесепетинен эки велосипедчен адам жабыркап, бири жеринен каза болгон.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ