Адыл Лолобаев Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.
Буга чейин БШКдан кабарлашкандай, ал бул кызматка жалгыз талапкер болгон. Ал Кара-Суу шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан сунушталган.
Белгиленгендей, Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 депутат бар, алардын 30у добуш берип, бири шайлоого катышкан эмес. Ошентип, жалгыз талапкер 30 депутаттын добушуна ээ болгон.
Кара-Суу шаарынын мурдагы мэри Кутугали Козубаев өзүнүн арызына ылайык, 2020-жылдын 4-мартында кызматынан бошотулган.
Лолобаев Адыл Манасович 2007-жылы Ош бажысынын башчысынын орун басары, кийин Жалал-Абад жана Баткен бажысынын башчысы болуп эмгектенген. Ал 58 жашта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ