“Өткөндө Нарындык бир жигит чыгып сүйлөдү да: “Таластыктар силер чимкириксиңер!” деди. Бул жакшы сөз эмес. “Ошол Рыскелди Момбековду силер асырай албасаңар биз өзүбузгө алабыз” деп бакылдайт”, – деп билдирди бүгүн, 1-июлда Таластык жазуучу-драматург Жумабек Токтогазиев.
“Силер ошонун баркын билбеген чимкириксиңер!” деди. Нарындык бир бала оозун тыйып сүйлөсүн! Бир Рыскелди Момбеков үчүн бүтүндөй Талас облусунун элин чимкирикке айландырып, акмакка айландырбасын! Нарындын аттуу-баштуулары бар болсо ошол “эй, Таластыктар силер чимкириксиңер!” деген баланын тизгинин тартсын. Эки областтын элин кайраштырбасын. Аттуу-баштуу аксакалдар ошол “чимкирик” дегенди чакырып алып айтышсын. Нарындык жигит бир Рыскелди Момбеков үчүн бүтүндөй Таластын элин курмандыкка чалып жатат!” – деди жазуучу Жумабек Токтогазиев.
Эсиңиздерге сала кетсек, 25-июнда Нарындын 2010-жылдагы КАМАЗчы-губернатору Адылбек Эсенбеков досу Рыскелди Момбековду коргоп, Таластыктарга кайрылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ