КРнын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков 2 кычкылтек концентраторун алуу үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу ырчы Instagram социалдык тармагындагы баракчасына билдирди.
Ырчы Мирбек Атабеков ишкер Адылбек Асановдун демилгесин колдоп, ИВЛ аппаратын сатып алуу үчүн каражат которгон. Адылбек Асанов жасалма дем алдыруу аппараттарын сатып алуу үчүн элге кайрылуу жасаган. Эл бул демилгени колдоп, акча чогултуп 70 кычкылтек концентраторун алууга буйрутма берилген.
“Бизде байлар абдан көп. 100 миң сом эмес, 100 миң доллар берүүгө кудурети жете турган инсандар көп. Ошондуктан сиздерге кайрылып кетет элем. Ушундай кыйын кырдаалда жардамыңыздарды берип коюңуздар. Мен дагы өзүмдүн атыман эки кислороддук аппаратка акча котордум. Ушундай кыйынчылыкты биримдик менен гана жеңе алабыз” – деп билдирди Мирбек Атабеков.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/2933582826898926/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ