Menu

Казакстанда 5-июлдан тартып 14 күндүк карантиндик чектөөлөр киргизилет

Бөлүшүү:

Казакстанда өкмөттүк комиссия 5-июлдан тартып 14 күнгө карантиндик чектөөлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык, массалык иш-чараларды өткөрүүгө, жарандардын көчөдө, сейил бактарда үчтөн ашык топтолуусуна тыюу салынат.

Мындан тышкары аймактар ортосундагы жүргүнчү ташуу автобустары убактылуу токтотулуп, аба жана темир жол каттамдарына чектөөлөр киргизилет. Ошондой эле сулуулук салондорунун, чач тарачтардын, фитнес-борборлордун, бессейндердин, үстү жабылган базарлардын, маданий жана диний объектилердин иштешине тыюу салынат.

Мекеме-ишканалардагы жамааттын бери дегенде 80% аралыктан, үйлөрүнөн иштеши керек. Медициналык жайлар алдын-ала жазуу тартиби менен гана кабыл алат.

Дарыканалар, азык-түлүк саткан дүкөндөр жана үстү ачык базарлар ишмердүүлүгүн улантат. Санитардык эрежелерди сактоо шарты менен кафелердин жана ресторандардын жайкы аянтчаларына да иштөөгө уруксат берилет. Мындан тышкары ири курулуш жана өнөр жай ишканалары, калкты тейлөө борборлору жана коммерциялык банктар иштейт.

Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин эпидемиологиялык абалга жараша карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 42,5 кишиден ашты. Алардын ичинен 14 миңге жакыны айыгып, 188 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: