Menu

Жамбыл Камчиев, куудул: “Менин оюмча, Ирина Карамушкина Россиянын Кыргызстандагы разведчиги болушу мүмкүн”

Бөлүшүү:

Акыркы жума коомдо талаш жараткан пикирлерге толду. Алардын бири өлкө башчысына карата айтылган сын сөздөргө тыюу салынсын деген талапта болду.  Бир гана өлкө башчысына эмес дегеле сөз эркиндигине тыюу салуу азыркы коомдо кандай ой-пикир жаратты? Негизи бизден башка мамлекеттердин өлкө башчыларына бизде айтылгандай сындар жокко эсе. Бул жаатта сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

– Президентке сын пикирлер айтылбасын дегенге кандай карайсыз?

– Убагында КТРКны жетектеп турганда профессор Сыртпай Мусаев да “Аскар Акаевге сын такпагыла ”  деп мага өз пикирин таңуулаган. И.Карамушкина өткөн чакырууда “Президенттикке талапкерлердин 3 млн. сом нак акчасы болушу керек ” деп капкаяктагы тартипти сунуштаган. Бул аял кыргыз элине ар кандай сасык саясатты көптөн бери кыстарып келет. Менин оюмча, бул аял Россиянын Кыргызстандагы разведчиги болушу мүмкүн. Анткени бул айым дайым “аталадан сөөк таап чыгат”.  Өзү “сөз эркиндиги” деген эмне экенин кыргыз саясатчылары тактап алышса жакшы болмок.

Булак: Асман плюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: