Menu

Пневмониядан каза болгон ӨКМдин үч кызматкери ооруканадан үйдөн дарыланууга чыгарылган

Бөлүшүү:

ӨКМдин үч кызматкерин үйдө дарыланууга жиберилгенден кийин пневмониядан каза болуп калышкан. Бул тууралуу журналисттерге алардын мурдагы жетекчиси, өрт өчүрүү кызматынын экс-директору, запастагы полковник Жаныбек Иманов билдирди.

Бир нече күн мурун, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Мухаметалы Жантаев, Анварбек Иманбаев жана Нурлан Токсунбаевдин өлүмү жөнүндө кабарлашкан.

№8-АӨККБнүн башчысы, майор Нурлан Токсунбаев 28-июнда дүйнөдөн кайтыш болгон. Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү – 112 диспетчердик кызматынын башчысы, подполковник Мухаметалы Жантаев 29-июнь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. 30-июнда Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Анварбек Иманбаев кайтыш болгон.

Жаныбек Имановдун айтымында, үчөөнө тең “пневмония” диагнозу коюлган.

“Аларда коронавирус болгон-болбогонун так билбейбиз, бирок ооруканадан үйдөн дарылангыла деп коюшуптур” – деп билдирди Иманов.

Аскердик пенсионер, отставкадагы полковник Анвар Сартаев өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистештирилген ооруканасынын жоктугунан улам да мындай кайгылуу кесепеттерге алып келип жатканын белгиледи.

“ӨКМдин өзүнүн ооруканасы жок. Мыйзам боюнча болуш керек. Ар бир аскер кызматкеринин дарылануусуна каражат бюджетте каралган. Бирок аскердик мекемелердин жетекчилери медициналык мекеме түзүүгө кам көрүшү керек” – дейт Анвар Сартаев.

Анвар Сартаев көп жылдар бою аскер кызматкерлери дарылана турган Улуттук аскер госпиталын түзүү үчүн чуркап жүргөнүн айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: