Menu

Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты

Бөлүшүү:

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус инфекциясынан айыкты.

Бейшемби күнү экс-президенттин басма сөз катчысы Айдос Укибай «Твиттердеги» баракчасына Назарбаевдин коронавируска кайталап тапшырган анализдери таза чыкканын жазды. Ал дарыгерлердин сунушу менен Назарбаев дале болсо обочолонуу режимин сактап, аралыктан иштей турганын кошумчалады.

Назарбаевге коронавирус жуканы 18-июнда белгилүү болгон. Басма сөз катчысы жергиликтүү басылмаларга анын оорусу жеңил өтүп жатканын билдирген.

Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев былтыр кызматтан кетерин күтүүсүз жарыялаган. Ал 6-июлда 80 жаш курагын белгилейт. Анын туулган күнү менен Нур-Султан шаарынын күнү чогуу майрамдалып, жыл сайын баш калаада ири салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлчү. Быйыл коронавирус пандемиясынан улам анын баары болбой калды.

Казакстанда коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүк комиссия «эпидемиологиялык жагдайды жөнгө салыш үчүн» 5-июлдан тартып кеминде эки жумалык катаал карантин киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Казак премьер-министри Аскар Мамин мындай карантиндик чаралар жагдайга жараша дагы узартылышы же дагы күчөтүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

Казакстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 1,5 миңдей адамдан табылды. Бул илдетти 42,5 миң киши жугузуп алып, 188 бейтап көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: