Menu

Фото – Бишкектин 4 районунда тең күндүзгү стационарлар уюштурулууда

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында күндүзгү стационар уюштурулуп, бейтаптарды дарылооо, алар консультация берүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-июлда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымы боюнча, Бишкек шаарындагы Ленин, Свердлов, Биринчи май жана Октябрь райондорунда койка-орундар даярдалып жатат. Бүгүн даярдыктар бүтөт. Күндүзгү стационарларда жарандарга консультациялар берилип, зарыл болгондорго ийне сайылып ж.б. жардамдар көрсөтүлөт.

“Калаа башчыбыздын тапшырмасы менен 12 саатта бүтүрдүк. Бүгүн кечке бүтөт. Келип консультация, укол алып кетсеңер болот. Аптекасы ичинде болот. Аз калды, кечке элдерди кабыл ала баштайбыз.

Бекер болот. Дарыны кана сатып аласынар. Калганын бекер болот

Саатына 700ге чейин киши тейленет. Сасык тумоо жана өпкөдөн кагынуу ооруларынын орто жана жеңил формалары боюнча тамчылатма жасоо жана күндүзгү дарылоолор жүргүзүлмөкчү. 

1. Ленин району – ФОК «Газпром»
2. Биринчи май району – Спорт сарайы
3. Свердлов району – ФОК им.Р.Санатбаева.
4. Октябрь району – наабайкананын имараты, чиркөөнүн жаны(Магистрал)

Бекер болот. Дарысын. уколун сатып аласыздар…”. – деди Түлөбаев.

“Алгоритм күн сайын өзгөрүп, оору да багытын өзгөртүп жатат. Мурун болбогону үчүн жаңы чыккан жагдайлар менен күрөшүү керек экен. 12 саатта мобилизация кылып жасадык”, – деп кошумчалады Балбак Түлөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: