Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад шаарында 107 стационардык орундук даярдалууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
“ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан 60 куткаруучу жана 1 даана техника тартылып, Жалал-Абад шаардын аймагында жайгашкан Раатбек Санатбаев атындагы спорт залында 75 орундуу, Динамо спрот аянтчасына 16 даана чатыр (32 орун) жарандарды күндүзгү стационардык дарылоого ылайыкташтырылган орундуктар даярдалууда. Жалпысынан 107 орундук. Мындай аракеттер региондордо да ишке ашууда”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ