Бүгүн, 5-июлда Россияда эмгектенген кыргыз дарыгерлери Бишкекке учуп келишет. Бул тууралуу хирург Элзар Токтоназаров журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, биринчи рейс менен Москвадан 26 дарыгер жана медайым келет.
“Россиянын башка шаарларында иштеген дарыгерлердин учуп келүүсү кийинки жумада чечилет. Элчи Аликбек Жекшенкулов өкмөт менен болгон бардык техникалык маселелерди премьер-министр деңгээлинде чечти. Дарыгерлерге билеттер демөөрчүлөр тарабынан сатылып алынган. Дары-дармектер да сатылып алынууда” – дейт Элзар Токтоназаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ