Menu

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Ташибаева Асина Бекташевна көз жумду

Бөлүшүү:

Өлкөбүздүн билим берүү тармагы дагы бир орду толгус чоң жоготууга учурады. 79 жашында Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими, билим берүүнүн мыктысы Ташибаева Асина Бекташевна көз жумду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Асина Бекташевна өмүр бою мектепте иштеп, райондо алдыңкы мугалимдердин бири болгон. Анын окуучулары ар дайым райондук, областтык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп келген. Ал өз  кесибин абдан сүйгөн адам эле. Советтер Союзу тарагандан кийин, ал мектептеги физика лабораториясын сактап калууга чоң салымын кошкон. Асина Бекташевнанын аракети менен мектепте жаш муундарга физика сабагы боюнча керектүү курал-жарактарды жана китептерди сактап келген. Ошондой эле өз каражатынан физика кабинетин жабдыган.

Ташибаева Асина Бекташевна 1941-жылы азыркы Нарын (Тянь-Шань) районунда туулган. 1965-жылы Фрунзедеги В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктаган. Окууну бүтүргөн соң, Кемин, Чүй райондорунда  жана Бишкек шаарында иштеп келген. 1988-жылдан 2015-жылга чейин Чүй районунун Кошой айылындагы орто мектебинде физика мугалими болуп эмгектенген.

Мыкты жубай, 7 баланын энеси жана 20 неберенин чоң апасы чыныгы патриотторду тарбиялап өстүрдү. Анын өзүнүн балдары жана тарбиялап окуткан бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда ар кандай кызматтарда мамлекетибиздин өсүшүнө салымын кошуп келе жатышат.

Ташибаев Асина Бекташевнанын жаркын элеси жакындарынын, кесиптештеринин жана окуучуларынын эсинде түбөлүккө калат. Маркумдун туугандарына, уул-кыздарына жана жакындарына терең көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

К.А. Исаков, Ж. А. Ташиев, Н. К. Омуров, Н. С. Джусупбекова, П. Б. Түркбаев, М. Ж. Усеналиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: