Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 6-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +24… +29,
Таласта түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +23…+28,
Баткенде түнкүсүн: +14… +19, күндүз: +30…+35,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +30…+35,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +21…+26,
Нарында түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +21…+26,
Бишкекте түнкүсүн +15…+17, күндүз: +27…+29.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ