Депутат Чыныбай Турсунбеков пневмонияга кабылып, учурда абалы оор. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, депутат бир нече күндөн бери жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор. Коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы белгисиз.
Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар Бейшеналы Нурдинов, Бакыт Төрөбаев, Тазабек Икрамов жана Экмат Байбакпаевдер коронарус менен ооруп жатканы белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ