Menu

Фото – Оштон Бишкекке компактуу реанимациялык курулуштан түзүлгөн талаа госпиталы жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Оштон Бишкекке компактуу реанимациялык курулуштан түзүлгөн талаа госпиталы жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Республикалык штабтын койгон тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде Ош шаарында КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядындынын куткаруучулары жүк ташуучу камаз менен “Талаа госпиталды” жүктөп Бишкекке жолго чыгышты.

Эскерте кетсек: Талаа госпиталы медициналык жабдуулар жана ыкчам керектүү шаймандар менен жабдылган.

Госпиталь 10 дарыгердин жана көмөкчүлөрдүн иштешине эсептелген. Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана товар сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот. Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн. Ыкчам талаа госпитал 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: