Menu

Пневмония жана коронавирус белгилери табылган кишилерге жардам берүү боюнча улуттук бирдиктүү маалымат системасы иштелип чыкты

Бөлүшүү:

Азыркы учурда коомдук ишмер Кылыч Исамамбетов тарабынан COVID-19 вирусуна байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам аракет көрүү жана пневмония жана коронавирус белгилери табылган кишилерге жардам берүү боюнча улуттук бирдиктүү маалымат системасы иштелип чыкты. Система бейтаптарга жардамды туура бөлүштүрүүгө жана пневмония менен коронавирустун таралуу очокторунун реалдуу кырдаалы боюнча маалымат алууга мүмкүндүк берет.

Сайтта эмнелер жайгаштырылат?

Медициналык волонтерлор-командалар жайгашкан райондор жана саны боюнча карта

Ачылган госпиталдар жана алардагы бош орундардын бардыгы боюнча карта

Оорунун таралуу очоктору боюнча карта. Бул маалымат госпиталдарды жеткиликтүү жакын жерге жайгаштыруу үчүн мүмкүнчүлүк берет.

Чакырууларга ыкчам жардам берүү үчүн маршрут түзүү: андан убакыт, күйүүчү майды үнөмдөйбүз, бейтаптарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн эң ылайыктуу маршрут иштеп чыгарылат, волонтерлор жана жардамга муктаждардын маалымат базасы болот.

«Ден соолук паспорту» блогу, мында жарандар электрондук медициналык картаны толтуруп, жеке маалыматтарын, өздөрүнүн оору белгилерин, учурдагы/өнөкөт ооруларын (эгерде болсо), тесттердин жыйынтыгын жазышат (эгерде бар болсо). Бул маалыматтар ооругандардын саны боюнча реалдуу маалыматтарды берет жана COVID-19 боюнча Республиклык штабдын аракеттеринин алгоритмин ыкчам иштеп чыгууга мүмкүндүк түзөт.

Медиктердин онлайн-режимдеги консультациясы

Волонтер-медиктердин ишинин графигин түзүү

Дарыканалар жана дары сатуучу пункттардын жайгашуусу жана аларда болгон зарыл дары-дармектердин баалары боюнча карта. Ушул блокто жарандар аптекалар жана дарылардын баасы жөнүндө маалымат жайгаштыра алышат.

Коопсуздук эрежелери жана COVID-19 белгилери жөнүндө маалымат.

Улуттук бирдиктүү маалымат системасынын координатору Кылыч Исамамбетов: «Азыр иштеги эски методдор менен чечим кабыл алуулардан баш тартуунун убагы келди. Бүгүнкү күнү коронавирус боюнча келип чыккан кырдаалды ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берген инновациялык усулдарды пайдалануу керек. Биз өзгөрүүгө киргизүүгө умтулушубуз керек.

Ошондуктан биз бардык кыргызстандыктарды иштеген тармагына жана саясий көз караштарына карабай, волонтердук командаларга, мобилдик топторго, имарат жай, СИЗ, дары-дармектерди берүүгө даяр жактарды биригүүгө жана колдо болгон ресурстарды бириктирүүгө жана иштелип чыккан программалык өнүмдүн мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен күчтөрдү жана жардамдарды туура бөлүштүрүүнү сунуштайбыз. Сунушталган улуттук бирдиктүү маалымат системасы эркин түрдө жеткиликтүү болот жана ар бир жаран сунуштала турган бардык локациялардан пайдалана алат.

Биз бардыгын баш кошууга жана пандемияга каршы бирдиктүү фронт менен чыгууга чакырабыз!

Улуттук бирдиктүү маалымат системасы covid.birik.kg шилтемеси боюнча жеткиликтүү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: