Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов бүгүн Баткен ОИИБнин медицина кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
“Бекем саламаттык ар бир коомдун байлыгы, бүгүнкү кырдаалда биздин медицина кызматкерлери күнү-түнү түйшүктүү жумуштарын аткарууда. Сиздердин бул эмгегиңиздер баалуу” деп ал жылуу сөздөрүн айтып, медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ИИМдин сыйлыктарын тапшырды.
Баткен ОИИБнин медицина кызматында эмгектенген кызматкерлер медаль, ардак грамоталар менен сыйланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ