Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке өкмөттүн структурасын өзгөртүү сунушун жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда бүгүн, башбакан өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, анда Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 13-апрелиндеги токтому менен бекитилген Өкмөтүнүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндөгү сунушу талкууланды. Аталган сунуш өкмөт мүчөлөрү тараптан колдоого алынды.
Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” программасына жана заман талабына ылайык, өкмөттүн учурдагы түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:
– Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
– Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;
– Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөкө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
– Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызмматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;
– Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казнасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.
Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана кошумча каржылоону талап кылбайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ