Ишкерлер Коронавирус илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгына 5 жасалма дем алдыруучу аппараттарды тапшырышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бул аппараттар өпкөсүнөн ооруган бейтаптар үчүн өтө зарыл аппарат болуп саналат. Ал учурдагы кырдаалга байланыштуу дем алуусунан кыйналып түшкөн бейтаптарга дем алуусун жеңилдетүү үчүн концентрацияланган кычкылтекти берүү үчүн керектелет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медицина башкармалыгы үчүн медициналык жабдыктарды 2020-жылдын 6-июль күнү Адылбек Исанов менен кошо башка ишкерлер тапшырышты. Ишкер Адылбек Исанов ИИМдин кызматкерлери пандемия менен күрөшүүдө алдыда экендигин айтып, жалпы коомчулуктун коопсуздугуна жана ден соолугуна кам көрүүдө деп билдирди. Ошол эле учурда коомчулук дагы милиция кызматкерлерине дагы жардам бериш керек, ошондуктан биз ИИМдин бейтапканасына ушундай аппаратты сатып алып берүүнү чечтик.
ИИМдин Финансы-чарба камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Дамир Аширов ишкерлерге көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ