Якутск шаарындагы укук коргоочулар жана шаар мэриясынын адистери канаттуулар фабрикасынын аймагындагы көрүстөндүн тосмосунун жанындагы токойго көмүлгөн 5 адамдын экөөсүнүн өздүгүн аныкташты. Бул тууралуу райондук администрациядан ИА REGNUM’дун кабарчысына билдирген.

“Ритуал” ишканасынын директору Парфирий Шестаковдун айтымында, көмүлгөн эки адамдын аты-жөнүн аныктоо мүмкүн болгон. Алар Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Калгандарынын ким экендиги азырынча белгисиз.

Улуттук жамааттын лидерлери иштин бардык жагдайларын иликтеп жатышат.

Буга чейин Якутск шаарынын тургуну токойдун жанынан жаңы мүрзөлөрдү жана бош калган табыттарды тапканы айтылган.