Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкы жылы кесиптик орто окуу жайларына да абитуриенттерди кабыл алуу онлайн (http://www.spuz.edu.gov.kg/) түрүндө жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Сынак орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасы боюнча өткөрүлөт.
Эгерде бир орунга бирдей баллга ээ абитуриенттер талапкер болсо, колледж алар үчүн онлайн режиминде кошумча сынактарды өткөрө алат.
Окуу жайга кабыл алынган абитуриенттердин жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарынын же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктөрүнүн түп нускалары окуу жылынын башында кабыл алынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ