Бразилиялык журналисттер президент Жаир Болсонаруну сотко берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Бразилиянын басма сөз Ассоциациясынын (ABI) расмий билдирүүсүндө айтылат.
Президент журналисттерге коронавирус жуккандыгын жарыялаган конференцияда журналисттердин өмүрүн тобокелге салганы аныкталган.
Кечээ, 7-июлда президенттин коронавируска тапшырган тести оң натыйжа бергени белгилүү болгон.
Болсонару пресс-конференцияга бет капчан келген, бирок социалдык аралыкты сактаган эмес. Андан кийин ал өзүн жакшы сезип жаткандыгын көрсөтүү үчүн бет кабын чечип салган.
“Президент Болсонару коронавируска чалдыкканын билсе да, кылмыштуу иш-аракетин улантып, башка адамдарды тобокелге салган” – дейт бразилиялык басма сөз Ассоциациясы.
Мамлекет башчысы айып пул жана жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген эки кылмыш беренесин бузду деп айыпталган. Ушунун негизинде ассоциация Болсонараны жогорку сотто сотко берүүнү көздөөдө.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/735152917233480/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ