Баткенде коронавируска чалдыккан 56 жаштагы эркек киши ооруканадан качып кетип, эртеси күнү каза болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, окуя 7-июлда түн ичинде болгон. Эркек киши карантин эрежелерин бузуп, медициналык мекемеден качып кеткен.
“Ал 2-июлда Баткенге келип, дарыгерлер дароо коронавируска анализ алышып, натыйжасы оң чыккан. Ал адам оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Бирок ал ооруканадан качып кеткен. Анын үйүнө милиция кызматкерлери жана дарыгерлер барып, ооруканага кайтып келүүсүн суранышкан. Бирок ал жаран баш тартып, коронавирустун бар экенине ишенбей тургандыгын айткан. Ал кечээ көз жумду” – деп айтылат маалыматта.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ