Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 10-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Айрым жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин жетет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +26… +31,
Таласта түнкүсүн: +13…+18, күндүз: +25…+30,
Баткенде түнкүсүн: +16… +21, күндүз: +28…+33,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +16…+21, күндүз: +28…+33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +21…+26,
Нарында түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +20…+25,
Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүз: +31…+33.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ