Menu

Кыргызстанда дагы 511 адамдан коронавирус аныкталды, бир сутка ичинде 6 бейтап каза тапты

Бөлүшүү:
Бүгүн, 10-июлга карата Кыргызстанда дагы 511 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 260, Чүй облусунан – 104, Ош шаарынан – 27, Ош облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 26, Жалал-Абад облусунан – 29, Нарын облусунан – 26, Баткен облусунан – 16, Талас облусунан – 3 учур катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 9358ге жетти. Анын ичинде:

– Жалал-Абад облусунда — 555 адам;

– Ош облусунда — 634 адам;

– Ош шаарында — 948 адам;

– Бишкек шаарында— 4027 адам;

– Нарын облусунда — 630 адам;

– Чүй облусунда — 1708 адам,

– Баткен облусунда — 229 адам;

– Талас облусунда –  86 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 301 адам.

– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 81 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 3134кө жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 23 адам; Чүй облусунан – 11 адам, Ош облусунан – 4, Ош шаарынан – 20, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 9 адам, Баткен облусунан – 2 адам, Ысык-Көл облусунан – 9 адам, Талас облусунан – 1 адам.

Өткөн сутка ичинде 6 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасынан – 90 жаштагы эркек киши, Жайыл аймактык ооруканасынан – 70 жана 69 жаштагы аялдар, Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 49 жана 53 жаштагы эркек кишилер, Нарын облустук ооруканасынан – 61 жаштагы аял киши көз жумду.

Жалпы каза болгондордун саны 122ге жетти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: