Бүгүн, 10-июлда жарандык активист Мелис Аспеков адвокат Канат Хасановго Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Канат Хасанов “Чоң казат” кыймылынан эмне себептен чыкканын жазып чыкты.
“Билесиз мен бетке айтам. Чоң-Казаттан акча уруп кеткениңиз эркекче эмес, канча алып алганын суммасынын жазбай эле коёюн. Мен толук маалымат алдым балдардан. Ошол үчүн кетиптирсиңер ал жактан. Анан дагы уялбай, кыйын болуп ар нерсени ФБдан акылдуу болуп жазасыз. Керек болсо мындай кылыктан кийин, жазганга моралдык укугуңуз жок. Тьфу сага байке, сыйлачу элем, калмак – калмактыгын кылыптыр…” – деп жазды Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков “Чон казаттын” лидерлери, мүчөлөрү мындай нерселерди жашырбай, ачык айтуусу керектигин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ