Кечээ, 10-июлда жума намаз учурунда Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажитов мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бул тууралу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.
Садридин Мажитов 1972-жылы 22-июнда Тажикстандын Яван районунун Кыргызабад айылында туулган.
Акыркы учурларда Садридин Мажитов кант диабети оорусунан жапа чегип жүргөн.
Маркумдун сөөгү бүгүн, 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Өрүкзар айылында жерге берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ