Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы пандемия учурунда шаардагы ишканаларды текшерүүнү, убактылуу иштѳѳ режимин жана санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдѳ. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматы билдирет.
Санпатруль 65 уюмга текшерүү жүргүзүп, Фрунзе кѳчѳсү 300/3 дарегиндеги «Олимп» оюн клубу эреже бузгандыгын аныктады. Аталган уюмга Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 3 миң сом ѳлчѳмүндѳгү айып пул салынды.
11-июлга карата 247 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 1 миллион 121 миң сомду түздү. Бузуучулардын кѳпчүлүгүн коомдук тамактануу жайлары, барлар жана түнкү клубдар, супермаркеттер, футбол аянтчалары жана оюн клубдары түзѳт.
Санитардык текшерүүлѳр күн сайын кечки саат 20:00дѳн кийин ѳткѳрүлүүдѳ.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ