Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 41, коронавирустан 7 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 3, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1, Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1, Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 адам коронавирустан каза болду.
“Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 22 адам республика боюнча жана Бишкекте 19 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 423 адамды түзөт”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 12-июлга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 10629га жетти. Алардын ичинен 1656 адам медицина кызматкери. Илдеттен 3387 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 132 адам каза болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ