Ош шаарында каналга түшүп кеткен 32 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
ӨКМнын маалыматына ылайык, маркумдун денеси бүгүн, 12-июлда саат 15:15те табылды.
“11-июль күнү саат 19:30 чамасында Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 1988-ж.т. эркек киши түшүп кеткен. Бүгүн издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 07:15те КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, саат 15:15те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ