Айтылуу калемгер Султан Раевдин «Суфлер» пьесасынын негизинде коюлган спектакли тээ тумандуу Альбиондо – Лондон шаарында коюлуп, «аншлаг менен өттү!» деп палван өзү бул гезитке маек куруптур. Кут болсун! Бирок, аншлаг менен өткөнүн өзүлөрү көргөнү менен аны кыргыздар көрбөй жатканы өкүндүрөт. Илгери кыргыз театрынын корифейи Муратбек Рыскулов да Лондонду бир таңгалдырганын билем. Бу кагылайын кыргызым Лондонду таңгалдырганга өч окшобойбу, мына жакында кетмен-төбөлүк калемдешим, атыбыз уйкаш Дүйшөн Султанкулов да ошо жакка аттанып жатат. А менин таңгалганым, көпчүлүк билбеген (окубаган кыргыз билеби?) же билмексен болгон Дүйшөн достун азганактай аңгемелери ошол улуу Шекспир чыккан жерге, элге жагып атайын чакыруу менен кетип жатканы… Аман барып, аман кел, Дуке!
Дүйшөн Керимов
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ