Кыш мезгилине даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык мэрия 2020-2021-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүдө. Кышында шаардыктарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерин өткөрүүдө.
«Жал» кичи районундагы «Ротор» буу казанында 45 метр бийиктиктеги морун реконструкциялоо башталды. Ал 63 турак үйдү, эки жатакананы, №80, №94 мектептерин жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборун жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.
Түтүн трубасы алмаштыруу менен «Жал» кичи районунун тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоого жана абанын сапатын жакшыртууга болот.
Эскерте кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 жалпы билим берүү мекемесин, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖду, 26 ар түрдүү бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү камтыйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ