Menu

Москвада «Түбөлүктүү Путинге жол жок» акциясынын жүздөн ашык катышуучусу кармалды

Бөлүшүү:

Москвадагы «Түбөлүктүү Путинге жол жок» акциясы

15-июль күнү кечинде Москвада өткөн «Түбөлүктүү Путинге жол жок!» деген акциянын жүздөн ашык катышуучусу кармалды.

Акция Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы өнөктүк баштаган активисттер тарабынан уюштурулду.

Иш-чара кечки саат жетиде Пушкин аянтында башталып, ага жүздөгөн киши катышты. Алгач акциянын уюштуруучулары Москва мэриясына митинг өткөрүү тууралуу билдирме жөнөтүшкөн. Алар Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышмак. Бирок калаа бийлиги митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Мындан улам уюштуруучулар акцияны жарандардын жолугушуусу жана кол топтоо форматында өткөрүүнү чечишкен.

Акция башталгандан эки саат өткөндөн кийин катышуучулар Тверь көчөсүн бойлой жүрүшкө чыгышты. Алардын жолун Улуттук гвардиянын кызматкерлери менен ОМОН тосуп, кармай башташты. Күбөлөр укук коргоо органдары жарандарга карата катаал мамиле кылышканын билдиришти. Кармалгандардын көбү жараат алганын айтышууда.

«МБХ Медиа» басылмасынын маалыматына караганда, акция катышуучуларынын дагы бир бөлүгү «Москва, көчөгө чык!» деген ураан менен Петровка көчөсүн бойлой басышты. Полиция алардын ичинен ондогон адамды кармап кетти.

Жалпысынан Москва боюнча 103 киши кармалганы кабарланууда. Алардын арасында Коомдук байкоо комиссиясынын мүчөсү Марина Литвинович, «Ачык Орусиянын» аткаруучу директору Андрей Пивоваров, Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) илимий кызматкери Сергей Фёдоров, муниципалдык депутат Юлия Галямина жана анын кызы бар. Акцияга бир нече саат калганда Москванын Таган райондук соту Галяминаны митинг өткөрүү тартибин кайталап бузууга күнөөлүү деп таап, 200 миң рубль өлчөмүндө айып пул салган.

Москванын Пушкин аянтындагыдай акция Санкт-Петербург шаарындагы Нева проспектиси менен Садовой көчөсүнүн кесилишинде да өттү. Азырынча ал жакта кармалгандар боюнча маалымат жок.

Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өлкө президенти Владимир Путин быйыл январда демилгелеген. Ал өзгөртүүлөр жалпы элдик добуш берүү менен жактырылышы керектигин айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан расмий маалыматка ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгында Баш мыйзамды өзгөртүүнү орусиялыктардын 78% колдоп, 21% ашыгы каршы болгон. Добуш берүүгө өлкө жарандарынын 65% катышканы айтылган. Оппозиция көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирип, добуш берүүнүн жыйынтыктарын таануудан баш тартууда.

Өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин Орусиянын Конституциясы эл аралык укуктан жогору болуп, өлкө башчынын буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Владимир Путинге дагы эки жолу президенттик шайлоодо талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары президенттин ыйгарым укуктары азыркыдан кыйла кеңейет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: