Ошто 65 жаштагы адам шаардык клиникалык оорукананын экинчи кабатынан секирип каза болду. Бул тууралуу журналисттерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал адам коронавирус инфекциясы менен дарыланып жаткан. Жана ал жандандыруу бөлүмүндө болчу.
“Кечээ, 16-июлда кечки саат 22.00дө бейтап палатанын терезесинен секирген. Оорулуу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Тиешелүү экспертиза дайындалды. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү өлтүрүү боюнча катталды”, – деп билдиришти Ички иштер башкармалыгынан.
Белгилей кетсек, мурда ушул эле ооруканадан коронавирус менен ооруган 34 жаштагы бейтап дагы терезеден боюн таштаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ