Menu

Бишкекте патрулдук милицияны унаасы менен сүзүп, качып кеткен 26 жаштагы айдоочу аял кармалды 

Бөлүшүү:

Бишкекте айдоочу аял патрулдук милицияны унаасы менен сүзүп, качып кеткен. Аны бир-эки сааттан кийин кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июлда болжол менен саат 08:00 чамасында , 7 -апрель көчөсүндө жайгашкан №3 санитардык-карантиндик постунда жолдо келе жаткан Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу жол милициясынын инспекторунун талабын аткарбай, документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан.

Андан кийин ал унаадан түшпөстөн, газды басып патрулдук милицияны унаасы менен сүзүп, качып кеткен.

Анын кесепетинен кызматкер денесинен ар кандай жаракаттарды алды.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө саат 16:00 чамасында айдоочу Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган аял 1994-жылы туулган Ленин районунун тургуну экени белгилүү болду. Топтолгон материалдар Аламүдүн РИИБине өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: