Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин кызматташуу маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөт башчылар түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Премьер-министр Кубатбек Боронов россиялык тарапка өлкө үчүн оңой эмес мезгилде кыргыз элине көрсөткөн туруктуу жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар кыргызстандык жакка берилүүчү кезектеги гуманитардык жардам тууралуу сүйлөшүштү.
Белгилей кетсек, бул жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: