Menu

Д.Сарыгуловдун абалын көргөн адамдын боору ооруйт, үй камагына чыгарышса болмок, адамгерчилик кайда?

Бөлүшүү:

Ушул жумада Бишкекте быйыл жаз алды менен “Үчүнчү революцияны” пландаштырып, бийликти күч менен тартып алуу аракетин көргөн деген айып менен камалган Д.Сарыгулов, Б.Асанов, К.Кадыров жана башкалардын соту башталды.

Баамда бул сот да Гаага сотундагы процесстей узакка созулат окшойт. Анткени бийлик үчүн айыпталуучуларды же камап жибербей же бошотуп салбай, шайлоо, референдумдар өткөнчө ушинтип капаста кармап туруу оңой болууда. Себеби башкаларга сес көрсөтүлүп, дагы бир төңкөрүш же революцияны баштап жиберүүчүлөрдүн колу-буту тушалып турат. Башкаларын айтпаганда да “революционерлердин” арасынан жашы жетимиштен ашып калган Д.Сарыгуловго кыйын болууда. Ансыз деле мурда ооруп жүргөн аксакал ого бетер чүнчүп, араң басып, абалын көргөн адамдын боору ооруйт. Ошондуктан анын жактоочусу үй камагына чыгаруу боюнча сотко кайрылган болчу. Тилекке каршы биздин Фемида мындай өтүнүчтү четке какты. Эгер бийликке бул адам ушунчалык эле коркунуч жаратып жатса, анда мамлекетибиздин абалы чындап эле оор окшойт…

Булак: “Майдан.kg”  гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: