Menu

Видео – Марипа Алыйкулова, Апрель баатыры: “Рыскелди Момбеков, сиз бакылдаган куру кыйкырык, бокко жарабаган популист депутат экенсиз, азыр ОБОНгүлгө айландыңыз!”

Бөлүшүү:

Рыскелди Момбеков!

Мен сизге кайрылгым келет.  Сиз 7-апрель революциясын пайдаланып, мамлекеттик кызматка келгенсиз. Андан кийин ошол 7-апрелди пайдаланып, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенсиз.

Анан азыркы учурда Конгантиев абдан жакшы киши болчу деп, андан тышкары эки генералдын ортосуна чай ичкениңизди мактанып айтканыңыз – бул абдан туура эмес. 87 бала өлүп,  1,5 миң бала жаракат алган. Мен дагы ошол жаракат алгандардын арасына кирем. Мен Алыйкулова Марипа Муканбетовна, сизге 2015-жылдан бери туптуура 3 жолу кайрылгам.

Биринчи кайрылганымда Казарманда болуп жаткан ситуация боюнча сиз аябай бакылдап трибунадан сүйлөгөндө мен ушул аябай жакшы адам экен, ушул депутат күчтүү экен, биздин 7-апрелдин арты менен депутат болду эле, бийликке да ошол 7-апрель менен келди эле деп сизге кайрылып, катымды жолдоп, ауденция сураганда, сиз ошол трибунада популизм үчүн, пиар үчүн эле кыйкырып чыгып, ошол бойдон натыйжасы жок болгон. Сиз даже кабыл албай койгонсуз.

Экинчиси – сиз Нургазы мырзаны абдан жакшы билесиз. Бизде, ушул “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин мүчөсү Айгүл Акматбековна Кадыркулова деген эжекебиз бар. Ошол эжекебиз гепатит илдети менен ооруп келет. Сиз жогорку трибунада бакылдап сүйлөп алып, бирок Нургазыны ары тээп, бери тээп, бир дагы кабыл албай койгонсуз.

Сиз популизм менен эле, пиар кампания менен эле алек болбой эле коюңуз. Сиз дайыма бир маселени көтөрүп чыгасыз, бирок сиздин артыңызда эч натыйжасы жок. Эмне себептен муну айтып жатам? Мен сизге эки эле фактты айтып, тастыктап кеттим.

Үчүнчүсү – сиз дайыма бакылдап эле чет элдик агенттер тигиндей-мындай дейсиз да, бирок артыңызда эч натыйжа жок. Сиз же акча алып коёсуз, бирөөгө “дежурный” болуп, андан кийин кайра токтоп каласыз. Фарид Ниязов деле сизди акчага сатып алган, ошондуктан Фарид Ниязовго каршы сүйлөбөй калгансыз. Оппозияда болбой, анын сөзүн сүйлөп калгансыз. Фарид Ниязов кеткенден кийин кайра оппозиция болуп чыктыңыз. Сизге ар дайым бакылдаганыңыз үчүн акча төлөп береби?

Азыркы учурда мен өз намысымды коргоо үчүн ушул видеону тартып, сизге жиберип жатам. Сиз эгерде кыйын болсоңуз, канча закон иштеп чыктыңыз? Жогорку Кеңешке журналист болуп жүрүп, юридикалык билимиңиз жок болуп, кантип депутаттыкка барып калдыңыз? Сиз бир гана жакшы, актуалдуу маселелер көтөрүлүп чыкса ошону сүйлөйт экенсиз. Бирок артында эч натыйжасы жок экен. Сиз уялбай эле мандатыңызды тапшырыңыз. Өзүңүздүн чөйрөңүзгө, өзүңүздүн билген ишиңизге барыңыз. Бир бокко жарабаган депутат болгуча, калп эле бакылдап, через стекло сүйлөбөй, “обонушка” деген аттан арылыңыз. Сиз азыр “обонушка” деген атка кондуңуз. Мен бетиңизге айтып берем: сиз азыр ОБОНсуз! Алтургай ОБОНгүлсүз!

Марипа Алыйкулова, Апрель баатыры

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: