Бишкекте поезд сүзүп кеткен жигит көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда журналисттерге Бишкектин травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жигит жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Эскерте кетсек, окуя 15-июлда саат 08:45 чамасында Ауэзов көчөсүнүн жанындагы темир жолдо болгон. 22 жаштагы Д.у.У. денесинен бир нече жаракаттарды алган. Дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалашкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жигит темир жолдон кетип бара жатып, тепловозду көргөн эмес. Тепловоздун айдоочусу ага бир нече жолу сигнал берген, бирок ал уккан эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ