Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бишкек жана Ош шаарларында ушул жумада жаңы ооруканалардын курулуш иштери башталат

Бөлүшүү:

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананы куруу иштерин тез арада баштоо керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана  долбоору даярдалууда.

«Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек.  Бул иштерге Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуусу зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Республикалык штабдын отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы айтылды.

«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте  колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташ керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун», – деди Өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө Республикалык ыкчам штаб тарабынан берилген аймактарда  кошумча орундарды даярдоо боюнча тапшырманын аткарылышы талкууланып, Премьер-министр Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилеринин бул багыттагы ишине сын айтты.

Ошондой эле отурумда тармактык мамлекеттик органдарга эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: