Базар-Коргон районунда белгисиз адамдар 90 жаштагы пенсионерге кол салышты. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Кол салуудан кийин пенсионер ооруканага жатканы такталды.
«Ал кишиге операция жасалган. Азыр анын абалы канааттандырарлык», – деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, 90 жаштагы пенсионерге кол салуу 10-июлда болгон. “Мени эмне үчүн уруп-сабап жаткандарын түшүнгөн жокмун. Ооруканага барганыбызда бир нече жерден жаракат алыптырмын. Мен өлүмгө жакын калдым. Муну жасаган адамдарга адилет чара көрүүнү суранам”, – деди жабырлануучу.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы пенсионерди сабоо фактысын тастыктады. Милициянын айтымында, тергөө иши менен шектүүлөр аныкталып, алар жакында кармалат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ