Menu

Кызыл Жарым Ай коомунун ыктыярдуу бригадалары жарандардан 0502 300 190 чалууларды кабыл алат

Бөлүшүү:

2020-жылдын 21-июлунда Кызыл Жарым Ай коомунун ыктыярдуу бригадалары Бишкекте гана иштей баштады. 2 күндүн ичинде тез жардамга муктаж жарандардан 22 чалуулар кабыл алынды. Ыктыярдуу топтор кычкылтек концентратору, Амбу дем алуу баштыктары, пульсоксиметрлери, биринчи жардам топтомдору, замбилдер жана тамчылатуучу штативдер менен жабдылган атайын тез жардам унааларында жүрүшөт. Бригада 3 кишиден турат – 2 ыктыярчы жана тез жардам унаасынын айдоочусу.

Белгилей кетсек, Кызыл Жарым Ай коомунун Бишкек шаарынын жашоочулары үчүн, айрыкча жалгыз бой кары адамдар, майыптар жана айыкпас оорусу бар бейтаптар үчүн бирдиктүү ишеним телефону иштей баштаган. Андыктан жардамга муктаждар ушул 0502 300 190 номерге чалып кайрылса болот. Алар ар тараптуу жардам көрсөтүүгө аракет кылат жана зарыл учурда жарандарга биринчи психологиялык колдоо көрсөтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: