Menu

Айпери Кубик кызы, ырчы: “Аллах ыраазычылыгы үчүн жоолук салындым”

Бөлүшүү:

Ырчы Айпери Кубик кызы Instagram социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу дин жолуна түшкөнүн жана мындан ары жоолук салынып жүрөрүн айтты.

“Ассаляму алейкум туугандар! Буга чейинки постто жазылган ар бириңиздин колдоо сөзүңүзгө ыраазычылык билдирем. Аллах ыраазы болсун! Кабыл кылсын! Ал эми кирпик болбойт, боёнсо болбойт, даарат өтпөйт жана башка деген сөздөргө жооп: Рахмаат… Кабарым бар. Болгону ал сүрөткө түшүү үчүн жасалган макияж. Даарат алганда дароо өчөт. Хайп үчүн, реклама үчүн дегендерге: Кечиресиздер, туура эмес жазып алдыңыздар. Аллах ыраазычылыгы үчүн ооба жоолук салындым, шүгүр…

Жөн эле мода үчүн дегендер! Кана эле жоолук, намаз мода болсо, анда түбөлүккө (Аллах ыраазычылыгы үчүн) “модный” болуп кетсек баарыбыз.

Бардык катталуучуларымды бир туугандарым деп жакшы көрөм… Жүрөгүңүздөр толгон ыйман, тилиңиздер асал болсун! Ылайым эле жакшы гана сөздөр чыгып калсын! Ааминь!

Анан да акыл үйрөтүп жазгандар-башында жоолугу жок, чачтары кыска, ачык кийинген, тырмагында лагы бар, төштөрү көрүнгөн Айымдар, жашы чоң эжелер экен! Ошончо акыл сиздерге өзүңүздөргө да кызмат кылсын дегим келет…” – деп жазган ырчы айым.

https://www.instagram.com/p/CC9quvzhScq/?igshid=dgea41t0zw4k&fbclid=IwAR2LvrOOAfh3bHvmmWJsinP7NmcvinmVpitDcDJHiVTvgDDf0-rcwXGXLkA

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: