Кечээ, 24-июлда КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Австриянын европалык жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министри А.Шалленберг менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Вена шаарында 2020-жылдын 28-29-январында кыргыз-австрия Өкмөттөр аралык комиссиясынын ийгиликтүү өткөндүгүн баса белгилешти, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы контакттарды тереңдетүүгө жана активдештирүүгө өзгөчө маани беришти.
Тараптар өз ара сапарларды уюштуруу жолу менен мындан аркы ийгиликтүү эки тараптуу кызматташтыкка жана өлкөлөр ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого, анын ичинде, соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө, өлкөлөр ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүгө жана келишимдик-укуктук базаны бекемдөөгө үмүт артышаарын билдиришти.
Коронавирустук инфекция жана анын терс социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүдө бирдиктүү практикалык өз ара аракеттенүү зарылдыгына, атап айтканда, COVID-19ду дарылоонун натыйжалуу ыкмалары тууралуу маалыматтарды алмашуу жана алуу боюнча эки өлкөнүн медициналык эксперттеринин ортосундагы контакттарга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, региондук жана эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ