Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду. Бул тууралуу маалыматты анын адвокаты Валерьян Вахитов тастыктады.
Анын айтымында, Азимжан Аскаров бүгүн, 25-июлда түндө №47 түзөтүү колониясынын ооруканасында көз жумган. Ал узак убакыт бою катуу ооруп жүргөн. Ал адамда пневмониянын белгилери бар болчу.
Абакта отурган Азимжан Аскаровду «Тез жардам» кызматы кечээ, 24-июлда №47 абакка жеткирген. Бирок дарыгерлер өмүрүн сактай алышкан жок.
Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуяларында “массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан” деп айыпталган. Жана ал өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ